www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сот Асылбек Жээнбековду 30-сенябрга чейин камакта калтырды

Бүгүн, 27-июлда Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын Асылбек Жээнбековду камакта кармоо мөөнөтүн узартуу боюнча өтүнүчүн карады.

Сот Асылбек Жээнбековду камакта кармоо мөөнөтүн 2 айга — 30-сентябрга чейин узартты.

Эске салсак, депутат А.Жээнбеков 2012-жылы Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда «Кумтөрдү» текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын иши боюнча кармалган.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен А.Жээнбеков жана Т.Зулпукаров 2021-жылы 31-майда УКМКнын СИЗОсуна 2 айга камакка алынган.

УКМК билдиргендей, «Кумтөр» кенин иштетүү долбоорунун ар кандай баскычтарындагы коррупция боюнча кылмыш ишинин алкагында ведомстволор аралык тергөө тобу ушул кылмыш ишине катыштыгы бар адамдарды тергөө иш-аракеттерин улантууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости