www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска каршы болгон карантин жана өзгөчө кырдаалдар эң зарыл мезгилде, өз учурунда болду. Коронавирус карааны бир гана Кыргызстанда эмес, бардык дүйнөнү аралап жүргөнүн башы жеткен наристеден өйдө билет. Бул дартка чагылгандай тез чалынуу процесси аяктап, бир аздан болсо да карантин жана өзгөчө кырдаалдар тартиби жеңилдеп, оор үшкүрүшкөн көпчүлүк үй–бүлөсүн багуу максатында жумуштарына кирише баштады.

Көпчүлүктүн башына оор кырдаалдар түшкөндө, орто жолдон өз камын ойлогон атка минерлер четинен чыкты. Балким, коронавирустан кор болушкан көпчүлүктүн эсебинен алар эл көзүнчө маалымат беттеринде элге күйүмүш болушканы менен, эптеп ушундай кырдаалдын пайдасын көрүү үчүн жанталашып турушту. Бишкек мэриясынын номерин тагынган машиналар элге мамлекет тарабынан бекер таратыла турган ун жана башка азык-түлүктөрдү дүкөндөргө алып чыгышып сатышканы, азыркы заманга коошпой тургандай. Күнүмдүк жашоо үчүн канчалаган ушул тамак-аштарды күтүп турушкан үй-бүлөөлөрдүн умсунган тилектерин таш каптырышкандар, жада калса элдин башына ушундай кыйынчылык түшүп турганда, алкымдарын тыя турса болмок. Алардын алкымдары тонна менен ченелүү экени белгилүү.

Мындай жек көрүмдүү ишке барышып, элге кыянатчылык кылгандар ошол замат табылып, элдин зарылчылыгына мамлекет тарабынан берилип жаткан азык-түлүктөр дүкөндөрдүн текчелеринен алынып, тезинен ушундай оор кырдаалдарда тамак-аштары түгөнүп, сары ооз балапандай мамлекеттен жардам болобу деп үмүттөтүнүп тургандарга бөлүнүп берилиши керек эле. Бирок, элдин оор абалына караганда өздөрүнүн жеке кызыкчылыгына басым жасашкысы келишкен Бишкек мэри Азиз Суракматов жана Бишкек шаарынын “серый кардиналы” Балбак Түлөбаевдер бийлеп турганда, көпчүлүктүн үмүт-тилектери  ишке ашпай турат. Балким, ушундай жосунсуз жоруктарды орусча айтканда “крышалап”, аларды так теке ойнотуп жаткандар ушулар болуп жүрбөсүн?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости