www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) Covid-19 вирусу узак убакытка чейин ташылган мезгилде дагы тоңдурулган азык пакеттеринде кала берээрин тастыктады. Тагыраагы, буга чейин коронавирус инфекциясы адамдан адамга, же болбосо жаныбардан адамга гана жукпастан, жансыз заттардан да жугушу ыктымал экени белгиленген. Эми, аталган вирус тоңдурулган азык пакеттеринде тоңуп жок болбостон, узак убакытка чейин тирүү кала берээри тастыкталды. Бул тууралуу Wall Street Journal билдирди.

Ошентип, акыркы изилдөөлөр жана отчеттор COVID-19 суук жана муздуу шартында да узак убакытка чейин жашай ала тургандыгы далилденди. Мындан тышкары, вирустун таралышы азык пакетинен адамга жугушу мүмкүн экени айтылды.

Изилдөөдө, керектөөчүлөрдүн ден-соолугу үчүн тобокелдик минималдуу деп бааланат. Бирок сейрек учурларда азык-түлүккө өндүрүш учурунда коронавирус менен ооруган адамдан вирус жугушу мүмкүн экендиги баса белгиленген, демек, вирус адамдан азы-түүккө жана тамак-аштарга жугушу мүмкүн, аталган продукттардан кайра башка адамдарга жугуп, абал курчушу ыктымал.

Wall Street Journal изилдөөнүн долбоорун алгандан кийин, Саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү басылмага изилдөөлөрдүн версиясы кокустан жөнөтүлгөндүгүн жана аны кайра карап чыгуу керектигин айтышкан. Көпчүлүктүн кооптонуусун жараткан мындай жаңылыктан кийин Уюмдун айткан сөзү жарандарда шек туудурганын айтылат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости