www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун жеңил, орто жана оор түрү менен ооругандан кийин илдеттин симптомдору сакталышы мүмкүн. Бул тууралуу Республикалык психикалык ден-соолук борборунун директорунун орун басары Кубанычбек Эрмегалиев билдирди.

Анын айтымында, коронавирус менен оору бүткөндөн кийин баш оору, алсыздануу, уйку качуу, кыжырдануу, маанайдын түшүүсү, ачуулануу, табиттин жоктугу сакталышы мүмкүн. Андан коркпош керек.

«Бул симптомдор бара-бара жок болот. Эгер аталган симптомдор 2-3 айдын ичинде өтпөсө, анда адистерге кайрылыш керек», - дейт Эрмегалиев.

Ошондой эле ал калкка аралыктан психологиялык жардам көрсөтүлүп жаткандыгын кошумчалады. Адистерден кеңеш алуу акысыз жүргүзүлөт. Байланыш телефондору саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости