www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз республикасынын президенти Садыр Жапаровго... «Короля делает свита» «Өз күйдүрүп айтат, жат жалмаңдап жайлайт» – жаңыланган эл макалы Урматтуу Садыр Нургожоевич! Акыркы күндөрү өзүңдүн тегерегиңде ар кандай күбүр-шыбыр, атүгүл, ушак-айың кептер тарап жаткандары өкүндүрөт.

Чындыгында, кайсынысына же болбосо кимисине ишенериңди да билбейсиң. Жалпы жумурай журтка таанымал, саясатка да кийинки жылдары тыгыз аралашкан бир белгилүү окумуштуу, физика-математика илиминин доктору, профессор - Каныбек Осмоналиев деген атуул бар.

Учурунда КР ЖК депутаты катары илим-билим жана маданият, спорт боюнча комитеттин төрагасы, андан соң илим жана билим министири, өкмөттүн алдында дин боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси да болуп эмгектенген көп кырдуу адис... Акыркы жарым жылдын аралыгында Өкмөт башчынын кеңешчиси катары иштеп жаткан. А бирок, алдын ала сүйлөшкөндөй Каныбек мырзага атайын Мамлекеттик катчы – Госекретарь кызматы кайрадан киргизилип, ошол кызматка бекитилмек.

Тилекке каршы, ортодон ар кандай сасыткы саясат оюну жүрүп кетип, ал кызматты чуулу Чолпонбек Абыкеев илип кеткени, Осмоналиевди оңкосунан сайгандай эле акыбалга алып келди. Орусча айтканда «был тяжёлый удар в спину». Дал ушундай мазактоо, шылдың болгондуктан, ансыз дагы буга чейин «Садыр Жапаровго боштондук!» – аттуу митингдердин башында тургандыктан, Каныбек Осмоналиев карайлап төрт ай УКМКнын СИЗО – да жатып, кант диабетке учурап, COVID оорусуна да чалдыккандыктан аны аргасыздан бийлик бошотууга мажбур болушкан. Аларга кошумча азыр микроинсульт дагы алганы айтылып жатат. Жеке менин публицист аналитик катары Каныбек мырза боюнча ой-пикирим абдан жакшы. Кээде жолукканда, ал-акыбалды сурашып калабыз. Абдан кичипейил, айрым чиновниктерге окшоп текеберленип, керсейип көтөрүлбөгөн, жөнөкөй инсан катары билемин.

Өзгөчө... Өзгөчө, былтыр күзгү президенттик шайлоо учурунда, мага окшоп Садыр Жапаровдун борбордук штабында активдүү иштеп, зор салымын кошкону да анык. Тилекке каршы, ушундай улук адамды колдоп, жолдоп, анын илим-билим, акыл-парасатын, такшалган тажрыйбасын пайдаланып, Садыр иним өзүңдүн ишеничтүү адам жана адис катары жаныңа жакын алып, тиешелүү кызматка койгонуңда, анда утмаксың.

Себеби, Каныбек Осмоналиев андай даражалуу кызматка бардык жагынан татыктуу. Жарым жыл бою Мариповдун улагасында эч кандай укугу жок, «формальный кеңешчи» катары чыдап олтурду. Анан аргасыздан жанагындай жагымсыз кемсинтүү болгондуктан, арыз жазып кетүүгө аргасыз болду. Ушуга байланыштуу, кимдерде болбосун, жүйөөлүү суроолор жаралат: «Кантип эле, Садыр Жапаров үчүн башын сайып, митингдерди башкарып, камалып, азап тартып, анын арты менен өзүңдүн эркиндикке чыгууга чоң салымын кошкон Каныбек мырза, куугунтукка дуушар болду?» – деген. Орусча айтканда «Что-то тут неладное и непонятное? Даже не поддается здравому смыслу и логике вещей».

Урматтуу КР Президенти Садыр мырза! Садыр иним! Орустардын таң калткан макалы бар: «Бей своих, чтобы чужие боялись». А эгерде, өзүңдүн эркиндикке чыгышыңа жана азыркы такка олтурганыңа да түздөн-түз салымын кошкондугу үчүн, азыркы кезде Каныбек Осмоналиев басынып жана ден-соолугунан ажырап жабыркап турса... Анда жалпы жумурай журттун ишеничи биротоло өлүп, эртеңки күнүбүз кандай болот? Элдин үмүтү үшүп үзүлсө, ишеними соолуса, анда кырдаал тезарада курчуп, ажолор оңбой калчу эле...

Ошондуктан, Садыр иним! Өз күйдүрүп айтат. Тегерегиңдеги кошоматчы бузукуларды ревизиялабасаң, алардын залакасы тийип, оңдурбай коюшу, турган иш.

Мелис Арып-Бек, эркин журналист, публицист, 22.07.21 жыл

Булак: NazarNews.kg

Последние новости