www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фармацевтикалык Pfizer компаниясы, коронавирус (Ковид-19) таблеткасынын биринчи баскычтагы сыноолордон өткөндүгүн жана ушул жылдын аягына чейин сатыкка чыгарылаарын жарыялады. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.
COVID-19 вакцинасына байланыштуу камсыздоо маселеси, терс таасирлери сыяктуу талкуулар уланып жатканда, Пфизердин Аткаруу кеңешинин төрагасы жана башкы жетекчиси Альберт Бурла: "COVID-19 таблеткасы 2021-жылдын аягында сатыла башташы мүмкүн" деп билдирди.
Бурла "PF-07321332" деп аталган таблетканын коронавирустун ар кандай варианттарына каршы күрөшүүдө мурунку дары-дармектерге караганда кыйла натыйжалуу жыйынтык бериши мүмкүн экенин билдирди. Pfizerдин башкы илимий кызматкери Микаэль Долстен: «Биз PF-07321332ни инфекциянын биринчи белгилеринде бейтаптарды ооруканага жаткырбастан потенциалдуу дарылоо катары иштеп чыктык, - деди.
Таблетка вируска каршы дары катары колдонулат жана вирустун адам организминде көбөйүшүнө жол бербейт. Бул дары март айынын башында 1-фазадагы сыноодон өткөн болчу.
Булак: NazarNews.kg