www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Түнү менен тажиктер Лейлек районундагы эки айылыбызды өрттөп, аны видео кылып, желектерин илип, Telegram группаларына таратышып, тынч жаткан жок”, - деп жазып чыкты социалдык баракчасына экс-депутат Камила Талиева.

Ошондой эле, “...токтотобуз” деген келишимди бузду. Биздин Максат, Арка-1 айылдары өрттөнүп жатат... Чара колдонулабы, биз тараптан да...?” – деди.

Түнү менен бир нече турак үйлөр өрттөнүп жатканын жергиликтүү жашоочулар билдирди.

--Биздин бийлик каза болгондордун санын азайтып берип жатышат. Негизи каза болгондордун саны отузга чамалады. Элдерде курал жок. Жабыркаган тажиктер эмес, биз тарап. Таңга жуук Кызыл-Бел тарапта атышып баштады. Маалыматтардан аябай утулуп жатабыз, - деди жергиликтүү тургун.

Эске сала кетсек, бүгүн түнү Лейлек районунун Арка, Жаштык, Максат жана Эски Оочу айылдарында түнү 29-апрелде Тажикстандын аскерлери оор техника менен аткылап, жергиликтүү тургундар качып чыгышкан.

29-апрелде Тажикстандын Согди облусу менен чектешкен кыргыз айылдарынын 2000-3000дей тургуну убактылуу үй-жайын таштап, Лейлек районунун борбору Исфана шаарына, Катраң, Өзгөрүш, Коргон, Тайлан айылдарына эвакуацияланганын облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова "Азаттыкка" билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости