www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан 30 жылдан бери даярданып келген. 30 жыл чоң убакыт. Биз болсок, бийлик талашкан менен гана убара болуп келдик, - деди бүгүн, 30-апрелде NazarNews маалымат агенттигене Мамат Айбалаев.

- Мамат агай, чек арадагы абал оорлошуп, атышуу башталды. Абалды кантип жөнгө салсак болот?

- Бийлик созулуп отура бербей сүйлөшүшү керек. Ушул абалга жүргүзүлгөн саясат алып келди. Ошон үчүн тез арада абалды оң жолго салып, маселени согушсуз чечүүгө аракет кылышы  керек.

- Чек арадагы жаңжалдын мурдагы окуялардан айырмасы барбы же ошол кездегидей элеби?

- Албетте, айырмасы бар. Биздин мурдагы бийликтегилер өз позицияларын ачык жарыя  кылышкан эмес. Азыркы бийлигибиз оюн, позициясын ачык жарыялады. Негизи позициябызды ачык айтаардан мурун тажиктер тарабынан кандай реакция болоорун тактап алышыбыз керек болчу. Ошого карата даярдансак, жооп алардыкынан ашыгыраак болмок. Эми чек араны тактоону жана абалды жөнгө салууну өтө тездетиш керек.

- Неге тажиктер Төрт-Күл суу сактагычынын башын ээлеп алууга кызыкдар болушууда? Эмнеге абалды курчутууга башка райондун элин алып келип жатышат?

-Тажикстан 30 жылдан бери даярданып келген. 30 жыл чоң убакыт. Биз болсок, бийлик талашкан менен гана убара болуп келдик. Чынында чек араны эгемендик алган күндөн тартып эле такташ керек болчу. Чек ара чечилбеген сайын чыр барган сайын көбөйөт. Ошондуктан согушсуз чечкенге аракет кылышыбыз керек.

- Эмнеге тажик тарап жалган маалымат таркатып жатат? Алардын бир билгени барбы же чындыкка кошпогон маалымат таркатуу алардын тактикасыбы?

- Жалган маалымат таркатуу тажиктердин элин ишендирүүнүн бир түрү. Алар ошол чындыкка коошпогон маалымат менен элин конфликтке даярдайт. Ошондой эле алардын жалган маалымат таркатышы маалымат согушунда ийгиликке жетүүнүн аракети десек болот.

Эске сала кетсек, Баткен облусунун Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүүлөрдүн турак жайлары жана дүкөндөр өрттөнүп жатат. Бул тууралуу Sputnik басылмасына Баткен ОИИБдин басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирген. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка, Достук, Жаштык айылдарында ок атышуу болуп 16дан ашуун үй күйсө, 46дан ашуун жарандар жаракат алып, бири каза тапкан. Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары тажиктердин колунан жаракат алгандардын саны көп экени айтылууда. 

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости