www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индияны кара өлүм каптады

Акыркы суткада Индияда 379257 адам коронавирус инфекциясы менен ооруп, 3600дөн ашуун адам ушул оорудан көз жумган. Бул тууралуу дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Пандемия башталгандан бери бул абсолюттук рекорд.

Эл аралык коомчулук өлкөгө жардам берүү үчүн күчтөрүн бириктирип жатат. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, акыркы жети күндө планетада катталган инфекциялардын жалпы санынын үчтөн биринен көбү Индияда болгон.

Индия коронавируска чалдыккандардын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө 18,3 миллиондон ашык адамга COVID-19 диагнозу коюлган. Буга чейин Индияда жаңы коронавирустук оорулардын көбөйүшү массалык чогулуштарга, вакцинациянын төмөндүгүнө жана вирустун жугуштуу түрлөрүнүн жайылышына байланыштуу деп айтылган.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости