www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендеги кыргыз-тажик окуясы бүтүндөй кыргыз журтун санаага салды. Ырчы, Бек Борбиев аталган окуя тууралуу өзүнүн пикирин жазып чыкты.

--Сабырдуулук достор. Мекен үчүн баарына даярбыз. Согуш болсо согуш, канга кан. Бирок бул согушка тажик бийлиги эмес, чек ара маселеси дагы эмес... Кээ бир саясий күчтөрдүн кызыкдар экени байкалып тургандай. Терең анализ жүргүзүү керек. Согуш качпайт, кайсыл убакта болсо дагы куралын болсо баштала берет. А тынчтыкты кайра орнотуу өтө кыйын, өлгөндөрдү тирилте албайсың.

Садыр Жапаровдун убагында чыккан согуш, мынча адам курман болду деген сөздөрдүн эл ичинде калышын каалаган күчтөр бар экенин бүгүнкү күн көрсөттү. Андыктан от менен ойнобой эсибизге келип, тынчтык жолу менен, мамлекеттик деңгээлде Көк-Таш маселеси чечилет деп күтөлү. Сабырдуу бололу достор.

Кечээ жакында өзбек туугандар менен чек ара маселесин чечели десе, элди көтөрүп митинг жасап жаткан азаматтарыбыз билип койсо. Эгер консенсуска келип, алтын ортону таап чечип албасак, өзбек туугандар менен дагы көп мылтык кармап чуркай турган кездер алдыда. Атылган ок бирөөнүн ажалы, же ошол чек ара маселесинин чечилишине каршы азаматтар өздөрү барып төшүн тосуп берет бекен, жок. Баягы эле карапайым эл, катардагы жоокер ажалга моюн сунат.

Бүгүн, орусиялык журналисттердин көз карандысыз изилдөө ТВ берүүлөрүн кунт коюп көрүп чыктым. Ок биринчи кайсыл жактан атылганы, дегеле кагылышууга алып келген провокация кайсыл тараптан болгон. Айтор кудай сактасын, кыңыр иш кырк жылда демекчи, кийин баары суу үстүнө калкып чыгаары бышык. Ал эми карапайым эл саясатчылардын куралы болбой, мыйзамдын, мыйзамдуу бийликтин айткан сөзү менен болсок дегеним. Эгер, такыр болбосо, мамлекет мобилизация кылып чакырса анда баарыбыз курал кармап согушканга даярбыз. Тажик туугандарда дагы согушка даяр патриоттор көп, жер канга боёлот, эң коркунучтуу жери, ал согуштун акыры алыс болот, көрүнбөйт жана бүтпөйт, - деди Бек Борбиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости