www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда талкуу болуп жаткан Путиндин мураскору эсептелген Шойгу кыргыз тектүү Төбөй уруусунан болот. Санжыраны сүрө келгенде Манастын төртүнчү атасы Төбөй эсептелет. Ошол кездеги эреже боюнча Төбөйдөн тарагандар гана эл бийлеп, кызыл тебетей кийүүгө укуктуу болгон. Кийин кызыл тебетейди Ормон кийген. Байыркы кыргыздарда кызыл түс өзгөчө ыйык эсептелген, ошондуктан Тува (Төбөй) борбору Кызыл шаары. Төбөйлөрдө алтымыш сегиз касиеттүү сан эсептелет. Бул төбөйдө жылкы кармашып, эң жок дегенде алтымыш сегиз жылкы күтүшөт.

Улуу Кыргыз империясынын эң жоокерчил эли болгон, кавказдыктар алардын алдында шоона эшпей калышат. Төбөйлөр ушул кезге чейин жылкы чапмай адаттарын калтыра элек. Төбөй жаштары эриккен учурда жылкы чаап келгенге чыгышып керек болсо коңшулаш Монголияга чейин кирип барышып, жок дегенде үч жүздөн кем эмес жылкы чаап келишет. Төбөй эли бай, алтын, алмаз, мунайзат байлыгына чыланган. Ушул тапта дүйнөдөгү аянты эң кенен империянын куралдуу күчтөрүн тектешибиз төбөй Сергей Шойгу башкарып турат. Азыр мыйзам боюнча Владимир Путин дагы эки мөөнөт алты жылдан шайланууга укук алды болбосо, Шойгу президент болмок.

Парапсихологиянын согуштук ыкмаларын алсак, кызыктын бары ушул жакта. Сейфте жаткан жашыруун документтерди алыс аралыкта туруп эле окуп коё турган жана компьютердик тармактарга сүңгүп кирип кете ала турган менталдуу ыкмалары түзүлгөн. Бекер жерден батыш «киберфобия» дешип, «орус хакерлерин» канча иликтегени менен анын сырларын ача алышпай бушайман.

Шойгу жакпагандарын жок кылып, көңүлү толгондорун көтөрмөлөгөн шаманизм духуна ээ. Министрдин өзү - суперкурал, ал бир дивизия экстрасенстерден артыкчылык кылат! Мисалы, Шойгу Зимбабвенин коргоо министри менен жолугушат; африкалыктар орустардын жардамына кол шилтеп коюшат, бир нече убакыттан соң төңкөрүш болуп, бийлик алмашып кетет. Шойгу вьетнамдык лидер Чан Дай Куан менен жолугушат, Шойгунун сунушуна моюн толгоп коёт, бир айдан соң ал рактын белгисиз формасынан улам каза болот. Шойгу португалиянын өкмөт башчысы менен жакшы пикирде жолугушат, ал тез эле жогорулап БУУнун (ООН) генсекине секирип кетет. 

Ал эми Орусиянын оппозициясы менен батыш өнөктөштөрүнүн Орусиянын мамлекеттик түзүлүшүнө кине коюп жатканы чындык. Бир гана уникалдуу, күчтүү лидер бар. Калган саясий жайыт тамырына чейин чалгы менен чабылгандай. Батыш демократтары лидерден башка, анын чынжырына бекемделген бир нече саясатчыларды айтып жатат. Алардын бири Сергей Шойгу. Аны батыштагылар мистика менен байланыштырат. 90-жылдардагы маалымдуулук атмосферасына бөлөнгөн учурда пайда болгон НЛО, психотрондук куралдар жана башка магиялык маалыматтарды Шойгу менен байланыштырышат. Шойгунун мистикалык жана магиялык компетенциясы батышчылардын пикири боюнча ченемсиз. 

Барын башынан Шойгунун пайда болушунан айтып көрөлү. Тува-Шамбаланы издеген абдан табышмактуу аймак. Бул жерде жергиликтүү жашоочулардын арасында шаманизм абдан өнүккөн. Жергиликтүү журналист Кужугет менен зоотехник Александранын уулу Сергей Шойгу байыркы эң күчтүү шамандар уруусунан. Булар өздөрүнүн магиялык жөндөмдүүлүктөрүн Чыңгызхан империясынын мыкты кол башчысы Сүбөдөйдөн бери сактап келе жатат. Сүбөдөй 1241-жылы Легницте европалыктардын бириккен аскерлеринин таш-талканын чыгарган.

Сергей Шойгу Ачинде прораб болуп көпкө отурган жок. Башында курулуштун жетекчилери болуп жүрүп, жаңы жаралган Орусиялык МЧСтин жетекчиси болуп келет. Эмне себептен ал МЧСке жетекчи болуп келди? Башкысы кудай кубат берген күчтүү шаман Шойгу капыстан келе турган оор кырсыктарды алдын-ала туюп, андан тышкары өзгөчө кырдаалдар Орусиянын башына түшкөндө, ал кесепеттерден жеңил чыгып кете турган касиеттерге ээ.

2012-жылы Сергей Шойгу Орусиянын Коргоо министринин ордун алат. Ушул жерден Сергей Кужугетович толук жүзүн ачты. Сергей Шойгу министр болгону Орусияда ПРО сыяктуу системалар жана башка энергиянын мобилдик континенталдуу тармактарынан азыктанган курал-жарактар пайда болуп, дүйнөнү сестентип турат.

Медаль ыйгаруу боюнча Шойгу Сталинге ат салдырбай калган. Анын убагында 78 жаңы медалдар жана артыкчылык белгилери негизделген. Алардын ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрин башкарып турганда 25, ал эми Коргоо министрлигин жетектеп турганда 53. Бир гана 2014-жылы ал 15 жаңы медалдарды негиздеген, алсак жеңиш алып келген 1945-жылы Сталин 10 гана жаңы орден, медалдарды кийирген экен. Анда бардыгы согуш жыттанып турган: «За победу над Германией», «За освобождение Праги», «За взятие Берлина». Шойгунун убагында «За возвращение Крыма» деген медалдын ордуна «Крымская весна» мадалы негизделген. Шойгу «Художник Греков» деген медалды кийирет, ал мекенчил чыгармаларды тарткандар үчүн берилет. Андан тышкары «За заслуги в материально-техническом обеспечении», ал эмес дүйнөнүн чемпионаты үчүн «Танковый биатлон — 2014» медалы бар. Коргоо министрлигинин медалдарын ал эмес музыкалуу ансамблдердин катышуучулары жана цирктин артисттери алышат. Шойгу болсо өзү кителинде 14 сыйлык тагынып жүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости