www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы учурда актуалдуу болуп жаткан "коронавирус менен ооруган адам орозо кармоосу керекпи", - деген суроого расмий жооп беришкен.

Ага ылайык, эгерде Рамазан айынын орозосун дарыланып жаткан адамдар кармаса дарыгер менен кеңешүүсү керек.

"Эгер коронавирус менен ооруган адам өтө оор формасында ооруп, орозо кармаганга дарамети жетпесе, ошондой эле ал күндүз маал-маалы менен даары ичиш керек болсо, анда ал адамга орозо кармабаганга уруксат. Бирок сакайганда ал  адам орозо кармоосу керек болот", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2020-жылдагы Орозо 24-апрелден 24-майга чейинки аралыкта кармалат. Ал эми Кадыр Түн 19- майдан 20-майга караган түнү тосулат.

Булак: NazarNews.org

Последние новости