www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан учак жүргүнчүлөрүнөн COVID-19 тестинен өткөнү тууралуу аныктама талап кылууну токтотту. Бул тууралуу транспорт тармагы боюнча башкы дарыгер Садвакас Байгабулов билдирди. Мындай маалыматты казак басылмалары жазып чыкты.
Садвакас Байгабуловдун айтымынды, 1-майдан 10-майга чейин учкан жүргүнчүлөрдүн арасында коронавирус табылган эмес.
1-майдан баштап Нур-Султан менен Алматы, кийин башка дагы бир нече шаарда ички аба каттамдары ачылып, COVID-19 тестинен өткөн жүргүнчүлөрдүн учуусуна гана уруксат берилген.
Күн мурун «Эйр Астана» авиакомпаниясы ПЦР-тесттен өтүү талабын жокко чыгарууну, тесттин баасы 11,5 миңден 20 миң теңгеге чейин жетип, калк үчүн учууга мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатканын билдирген.
Булак: NazarNews.org