www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустан Бишкекте бир бейтап көз жумду

Эпидемиологиялык абал акырындык менен турукташып, коронавирустан каза болгондордун саны азайып бара жатат. Буга чейин эки ирет өлүм катталбаган күндөр болду.

Өткөн суткада коронавирус жуктуруп алгандардын ичинен бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Көз жумган жаран Бишкек шаарынын тургуну экени айтылды.

Ушул менен пандемия башталгандан бери коронавирус жана пневмонияны эсепке алганда каза болгондордун саны 1 057ге жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости