www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Эсиң барда этегиңди жап” –дейт. БШКдан толук катталып бүтмөйүнчө, партиялар дагы биригүүлөрү мүмкүн. “Бир бол” менен “Республика” партияларын алып көрөлү. “Бир бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов 2010-жылы парламенттик шайлоодо “Республика” партиясынын “тонун” кийип чыккан. 2011-жылдагы президенттик шайлоодо “Республика” партиясы президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевди колдоп чыккандан уламбы же Атамбаев “Республика” партиясынын күчүн алсыратууну кааладыбы, “Республика” партиясынан 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Алтынбек Сулайманов “Бир бол” партиясы менен чыкса, ушул эле партия менен парламентке жетишкен Бакыт Төрөбаев “Өнүгүү-Прогресс”, Канат Исаев “Кыргызстан” партиялары менен парламентке келишет. Учурда Бакыт Төрөбаев “Өнүгүү-Прогресс” партиясы менен “Мекеним Кыргызстан” партиясына өтүп, калгандары өз алдынча күрөшкө чыгышкан. Алтынбек Сулайманов лидер болгон “Бир бол” партиясынын ал-ахыбалы оор. Бул партия менен келишкен Акылбек Жапаров “Мекеним Кыргызстанга” өтсө, Улукбек Ормонов “Замандаш”партиясына өтүп, бул партияны алып келгенге “ыдыр-быдырлары” барлар азайып атамекенчи Алмамбет Шыкмаматовго таянышып, жаштар менен шайлоого аттанды. Атамбаевдин убагында түштүк электораты аны көп колдочу эмес, ошол үчүн Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаев сыяктуулар түштүк электоратын өзүнө имерип алышчу. Бул шайлоодо бийликтин идеясын колдошкон жаңы партиялар чыгышты. Алар эки тарапта тең күчтүү электорат жаратып турушат. “Республика” партиясы “өлбө жаным өлбөлөп” мурунку электораттарына таянып парламентке өтүп кетиши ыктымал. Бирок, жаштар менен чыгып жаткан “Бир болдун” өтүшү күмөн, ошондуктан “Эсиң барда этегиңди жап” –дегендей, “Бир бол” кайрадан “Республикага” жабышса, бул партияга да плюс болот. Анткени, Алтынбек Сулайманов “Бир бол” партиясы менен түштүк электоратынан кол алып бериши мүмкүн.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg