www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун аялдар үчүн кооптуу кесепети аныкталды

Коронавирустун аялдар үчүн кооптуу кесепети аныкталды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасына таянып РИА Новости жазды.

Адистер COVID-19 илдетине кабылып, сакайып кеткен аялдардын ден соолугун текшерүү маалында бул вирус этек кирдин эрте токтоп калышына себеп болорун билишти.

Улуу Британияда аялдар арасында сурамжылоо жүргүзгөндө 40 жаштан өтүп калган бир нече аял коронавирустан соң климакстын эч белгилери жок туруп эле этек кири келбей калганын айтышкан.

"47 жаштагы Дон Найт аттуу аялдын анализдери анын организми климакс абалынан эчак өтүп кеткенин көрсөттү. Кызыгы, анын бир нече ай мурда эле этек кири кадимкидей ай сайын келип турган, климакстын бир дагы белгиси болгон эмес", — деп айтышкан окумуштуулар.

Ал эми коронавирустун оор кесепеттери менен күрөшүп жаткандар үчүн Facebook тармагынан баракча ачкан Клэр Хасти дүйнө жүзү боюнча бул вируска кабылган аялдардын көбү этек кирине байланыштуу көйгөйлөргө туш болгонун айткан.

Климакс — аялдын жыныстык системасынын иштешинин төмөндөп барып токтошу. Мында аялдын эн бездери жыныстык гормондор болуп эсептелген эстроген менен прогестеронду иштеп чыгаруусун токтотот. Гормондор жок этек кир келбей калат, демек, эне болуу мүмкүнчүлүгү токтойт.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg


 



 

Последние новости