www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров депутатты коркутуп, акча талап кылганбы?

Парламенттин депутаты Кубанычбек Жумалиевден акча талап кылгандыгы үчүн кармалган адам өзүн Садыр Жапаровдун жардамчысы катары көрсөткөн. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Кубанычбек Жумалиев 5-декабрда милицияга кайрылган. Финполдогу сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн үч жума бою андан акча талап кылган белгисиз адамга чара көрүүнү суранган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Опузалоо» беренеси боюнча катталды. Милиция кызматкерлери тарабынан 24 жаштагы А.Т. аттуу жаран кармалган. Ал жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Айрым маалыматтарга караганда, А.Т. эч жерде иштебейт.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости