www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин алдындагы Коррпуцияга каршы ишкердик кеңештин курамы өзгөргөндүгүн мамлекет башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Садыр Жапаров аталган кеңештин курамын өзгөртүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын алгачкы курамы туурасында башка материалдан окуса болот.

Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин курамынан төмөнкүлөр чыгарылган:

  • Айтен Рустамова — Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азия боюнча аймактык директору;
  • Габриэла Геллил — Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы элчиси;
  • Оливье Бангертер — Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси;
  • Фред Хьюстон — АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин "Укук булагы" долбоорунун директору.

Жарлык менен Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин курамына төмөнкүлөр кирди:

  • Камчыбек Ташиев – министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
  • Дастан Догоев – санариптик өнүктүрүү министри;
  • Доскул Бекмурзаев – энергетика министри;
  • Аскарбек Жаныбеков – айыл чарба министри;
  • Артем Новиков – Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы;
  • Нурлан Акматов – Евразия өнүктүрүү банкынын директору.

Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин максаты — мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу диалогду камсыз кылуу, бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилердин ишин коргоо деп айтылып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости