www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талант Мамытовдун кандай мал-мүлкү бар?

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бир жылда 703 355 сом иштеп тапкан. Бул туурасында анын Салык кызматына тапшырган декларациясында көрсөтүлдү.

Ошол эле учурда Мамытовдун чыгашасы 550 миң сомду түзгөн. Анын 700 миң сомго бааланган жылкысы, 550 миң сомдук бодо малы, 400 миң сомдук койлору бар. Мындан сырткары, эч бир мүлккө ээ эмес, турак жайы жана автоунаасы дагы жок экенин жазган.

Жакын туугандарынын да киреше-чыгашасы, мал-мүлкү тууралуу маалымат көрсөтүлгөн эмес.

Белгилей кетсек, Талант Мамытов 2020-жылдын октябрь айына чейин Жогорку Кеңештин депутаты, андан кийин төрагасы болуп иштеп келе жатат. Быйыл парламенттик шайлоонун алдында спикерлик кызматтан убактылуу четтетилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости