www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров «Президенттин 2021-жылдын 21-октябрындагы №475 “Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жарлыкка кол койду.

Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин курамынан төмөнкүлөр чыгарылды:

- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Айтен Рустамова;

- Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Габриэла Геллил;

- Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер;

- АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин «Укук булагы» долбоорунун директору Фред Хьюстон.

Мамлекет башчынын жарлыгы менен Антикоррупциялык ишкердик кеңешиинин курамына төмөнкүлөр киргизилди:

- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич;

- санариптик өнүктүрүү министри Догоев Дастан Давлетович;

- энергетика министри Бекмурзаев Доскул Жумагулович;

- айыл чарба министри Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович;

- Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы Новиков Артем Эдуардович;

- Евразия өнүктүрүү банкынын директору – Акматов Нурлан Орозбаевич.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости