www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук райондук милициясынын имаратынын жанындагы топтошкон элдин нааразы болгон учурлары жана ошол эле имараттын алдында милиционердин формасын кийген адамды чогулган жай жарандардын ур-токмокко алган видеолору тарады.

Буга чейинки маалыматтарда кечээ, 5-декабрь күнү, белгисиз кишинин 16 жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктаганы тууралуу милицияга маалымат түшкөн.

Факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 154-беренеси ("Зордуктоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Чүй облусунун ИИББи жана Сокулук РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында 31 жаштагы К.Н. аттуу жаран кармалган.

5-декабрда Сокулук районунун айылдарынын биринин 50дөй жашоочусу Сокулук РИИБинин имаратынын алдына чогулушкан.

"Алар менен РИИБдин жетекчилиги жолугуп, жогорудагы кылмыш иши көзөмөлдө турганын айтып, мыйзам чегинде тергөө иши жүргүзүлөрүн билдирген соң чогулгандар тарап кетишкен", — деп айтылган маалыматта.

Ал эми социалдык тармактарга тараган видеодон милиционердин формасын (майор чининдеги) кийген адамды чогулган жай жарандардын ур-токмокко алганын көрүүгө болот. Кээ бирлери урбаш керектигин айтып, "начальник келсин" деп талап кылган. Кадрдан анын формасы тытылып кеткендиги даана байкалат. 

Социалдык тармактагы дагы бир видеодон милиционердин формасын кийген кишинин келип "Эмне болду?!" дегени ошол жерде тургандардын ачуусун келтиргенин боолголоого болот.

Мурдагы тараган дагы видеодо турган элдин болгон окуяны талкуулап жаткандыгын угууга болот. Жергиликтүү эл шектүү жоопкерчиликтен качып, кутулуп кетет деп тынчсызданып жаткандыгын айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости