www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиядагы коррупционерлердин дээрлик жарымы 2020-жылы айып пул төлөп кутулушкан, ал эми үчтөн биринен көбү шарттуу кесилген. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасынын коррупцияга каршы мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Виктор Балдин билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылы Россиянын соттору коррупциялык кылмыштар боюнча айыпталган 9 миң адамга карата 8 миңден ашуун өкүм чыгарган.
Өткөн жылы соттолгондордун 18% га жакыны түрмөгө, 35% ы шарттуу түрдө эркинен ажыратууга, 40% га айып пул салынган. Кошумча жаза катары, эреже боюнча, белгилүү бир кызматтарды ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу жана айып пул салынат. Мүлктү конфискациялоо өткөн жылы 1318 соттолгон адамга карата колдонулган», - деди Балдин РИА Новостиге берген маегинде.
Булак: NazarNews.kg