www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 9-мартта Ак үйдүн алдында Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг өтүп жатат. Нааразычылык акциясына мурдагы депутат Исхак Масалиев, «Ханституцияга каршы» борборунун өкүлү Жеңиш Молдакматов, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, жарандык активисттер катышып жатат.
Алар бийликке «Легитимсиз парламент тарасын», «Жогорку Кеңешти каржылоо токтотулсун», «Тез арада жаңы парламенттик шайлоо дайындалсын» деген талаптарды коюп жатышат.
«Бүгүнкү тынчтык митингине чогулганыбыздын негизги максаты өлкөдө орун алган мыйзамсыз саясий реформалардын жүрүшү болуп атат. Азыркы жүрүп жаткан саясий реформаны токтотуу. Тактап айтканда, Жогорку Кеңеш 2-мартта Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо ордуна, аны Референдум тууралуу мыйзамга тиркеп, 1-окуудан кабыл алды. Ага каршы бүгүн тынчтык митингине чыгып атабыз», – деди Молдокматов.
Булак: NazarNews.kg