www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аз убак мурда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө байланыштуу «мени коррупционерлер жеңет, же болбосо мен буларды мыйзамдуу тартипке саламын» деп айткан кайрылуусу, коомчулукта жылуу кабыл алынды. Эми айткан сөзүнүн өтөөсүнө чыгып, Кыргызстандагы коррупциянын деңгээлин төмөндөтсө, эл бали, дейт. 

Себеби, өлкөбүздүн келечегине күйгөн ар бир кыргыз жараны коррупцияга бөгөт коюлушун, коррупциялык көрүнүштөрдүн токтошун каалайт.

Айталы, коррупциянын деңгээли боюнча Кыргызстан 185 өлкөнүн ичинен 140 орунда турат. Бул дегендик, өлкөдө коррупция тамырлашып, чырмооктой чырмалышып калганын далилдейт. Демек, өлкөнү коррупциянын сазынан тазалоо оор жана тынбаган күч-аракеттерди талап кылат. 

Негизинен коррупцияга баткан өлкөлөр дээрлик авторитардык бийлик өкүм сүргөн мамлекеттер экен. Ал эми коррупциянын аздыгы боюнча рейтингде биринчи 50 орунду негизинен демократиялык өлкөлөр ээлейт. Акыркы орундарда авторитардык жана диктатордук өлкөлөр турат. 

Кыргызстан Россия менен жанаша 140-орунда. Демек, коррупция азайбастан, кайра күчөп жатат. Негизи камоо, кустуруу менен коррупцияны жок кылуу мүмкүн эмес. Демократиялык системага өтсөк, баары ачык айкын болсо гана коррупция азаят. 

Мына биз менен бирге 1990-жылы эркиндикке чыккан өлкөлөрдүн демократияга өткөндөрүндө коррупция кескин азайган.

Маселен: - Эстония – 15-орун; Литва - 33; Латвия - 39; Грузия - 42 орунда. 

Авторитардык кошуналар: Казахстан – 103 - орун; Өзбекстан - 129; Россия - 139; Кыргызстан -140; Тажикстан - 156; Азербайжан - 157; Түркмөнстан - 170 орун.

Жыйынтык, факты ушундай. Саясий система өлкөнүн өнүгүүсүнө, же сазга батышына, коррупциялык көрүнүштөрдүн жок болуусуна, же өрчүшүнө канчалык таасирин тийгизет жогорудагы фактылар, картинаны ачык көрсөтүп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости