www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп тарапкерлеринин лоялдуулугу тууралуу айтып, өзүн атактуу Мона Лизанын сүрөтүнө салыштырды. Mirror басылмасынын маалыматына караганда, Трамп мындай “кызык билдирүүнү” S4C телеканалына берген маегинде айткан.
Аны колдоп чыккан митингдеринин популярдуулугун жана бардык окуяларды ээрчиген тарапкерлеринин берилгендигин сыпаттап жатып, Трамп өзүн Леонардо да Винчинин атактуу шедеврине салыштырды.
"Мона Лизага баргандар бар - алар Мона Лизаны жакшы көрүшөт, аны көрүү үчүн жүз жолу барышат жана барган сайын жакшырып баратат", - деди саясатчы.
Ал ошондой эле күйөрмандарын "20 жолу Бродвей спекталине" барган театр сүйүүчүлөргө жана "бир эле ырларды кайра-кайра уккан" рок-группалардын күйөрмандарына салыштырды.
Трамп ошондой эле анын “Биринчи катардагы Жо" деп аталган күйөрмандары иш-чарага жетүү үчүн кээде митингге төрт күн калганда келишет деп мактанган.
Анын айтымында, ал азыртадан эле элдин арасынан эң берилген күйөрмандарын тааный баштаган. Ак үйдүн мурдагы жетекчиси анын тарапташтары “ал сүйлөгөндө эле эле ашык болуп калышарына" ишенет.
АКШнын экс-президенти журналист Максин Хьюз менен жолугуп, өзүнүн берилген күйөрмандары тууралуу даректүү тасма тартууга макул болду. Аны менен болгон маектин кадрлары 11-июнда обого чыгышы керек.
Булак: NazarNews.kg