www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кант шаарында келин жаңы төрөлгөн наристесин 100 миң сом, IPhone 12Pro жана Орусияга билет үчүн сатып салган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата РИИБине 25 жаштагы келин төрөлө элек наристесин сатууну көздөп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. 

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (Балдарды сатуу) менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 8 айлык боюнда бар 1998-жылы туулган З.С. 1996-жылы туулган Б.Ф. менен макулдашып, ымыркайды 100 миң сом, IPhone 12Pro жана Орусияга билет үчүн сатууга макул болгон. Ошондой эле Б.Ф. наристенин энеси төрөгөнгө чейин багуу милдетин алган. 

Андан кийин Б.Ф. Ысык-Ата районундагы жалпы дарыгерлик практика борборунунун кызматкери менен макулдашып, анын атына картаны алмаштарып берген. 20-майда аталган оорукананын төрөт үйүндө З.С. ымыркайды сатып ала турган аялдын аты менен төрөгөн. 

Чүй ОИИББинин жана Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери шектүүлөрдү милицияга алып келишкен. Ымыркайдын энесинин IPhone 12Pro үлгүсүндөгү телефонун алышкан. 

Тергөөнүн жыйынтыгы менен бул кылмыш ишинини бардык катышуучуларынын аракеттерине юридикалык баа берилип, тиешелүү айыптар тагылган. 

Учурда тергөө иштери жүрүп, кылмыш ишинин маңызы боюнча кароо үчүн сотко жөнөтүү маселеси чечилип жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости