www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана келечегин, аймактык жана эл аралык күн тартибинин артыкчылыктарын талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Мамлекет башчылары акыркы жылдарда эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын макулдашуу боюнча азыркы учурга жетишилген натыйжага канааттануусун билдиришти.

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон сүйлөшүүлөрдү натыйжалуу улантууну жана өз ара сый-урматтын жана ишенимдин негизинде өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөнү жакташты.

Өлкө лидерлери эки өлкө ортосундагы достук жана ынак коңшулук байланыштарды сактоонун маанилүүлүгүн ырастап, бардык пайда болгон маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости