www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 150 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында узак убакыт бою "денесине жана материалдык зыян келтиребиз" деп коркутуу жолу менен Р.С. аттуу айыл чарба фермасынын ээсинен акча каражатын талап кылган Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү аталган К.Б. жана Т.М. кармалды.

Кармалган жарандар 1-июнда 130 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, статьясына ылайык келет. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости