www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алайдагы Корумду чокусунда үч адамдын сөөгү жатканы ырасталды. Бул тууралуу Альпинизм федерациясынын жетекчиси Эдуард Кубатов билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, алар Беларусь жана Литвадан келген альпинисттер болушу мүмкүн.
Сөөктөр болжол менен 6,5 миң метр бийиктикте жайгашкан. Аларды Ошко жеткирүү үчүн аба ырайынын жакшырышы күтүлүүдө. Кубатов бул ишти татаал операция деп белгиледи.
Эске салсак, 1-августта үч альпинисттен турган топ 6613 метр бийиктиктеги Корумду чокусуна чыккан. 2-августта алар байланышка чыгып, кайра түшүүгө даяр экенин билдиришкен. Бирок 4-августта белгиленген жерге кайтып келишкен эмес жана байланыш үзүлгөн.