www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдө Ковид - 19дан каза болгондордун жалпы саны 2 миллион 102 580ден жогорулады. Бейтап саны 98 миллион 180 000ден, айыккандардын саны 70 миллион584 000ден ашты. Индияда эпидемиядан улам каза болгондордун саны 153 067ге, бейтап саны да 10 миллион 626 200гө жогорулады.

Кытайдын Шанхай шаарында эки оорукана Ковид  - 19 шектенүүсү менен карантинге алынып, ооруларды көзөмөлдөө жана алдына алуу топору изилдөөнү баштады. Кытайда 24 саатта вирустан каза болгондор болбостон, вирус жугузган 103 киши аныкталды.

Японияда кабинет ооруканада коронавирустан дарыланууну четке каккан жана иштөө мөөнөтүн тарайтпаган киши жана мекемелерге акчалай жана абак жазасын бере турган эки долбоорду кабыл алды. Түндүк Кипр Түрк Республикасында коронавируска каршы биринчи эмдөө программасы аяктады. Бул тууралуу трт.нет билдирди.

Египеттеги Дарул Ифта  бейтап саны көбөйүп бараткандыгына байланыштуу  Ковид  - 19 вакцинасын алуунун «важиб» башкача айтканда алуу керектиги тууралуу фетва жарыялады. Египетте эмдөө процесси кечээтен тарта медицина кызматкерлери үчүн башталды.

Африка материгинде Ковид - 19 бейтаптарындагы өлүм көрсөткүчү дүйнөлүк көрсөткүчтөн ашты. Африка ооруларды көзөмөлдөө жана алдына алуу борборунун директору доктор Жон Нкенгасонг дүйнөдө Ковид -1 9 учурундагы өлүм көрсөткүчү орто эсеп менен 2,2 пайызды жана континентте 2,5 пайызды түзөрүн билдирди. Вирустун айынан континентте 81 000 ашуун адам каза болуп, бейтап саны 3 миллион 352 000ден ашты.

Вирустан 142 киши каза болуп, 24 751 киши вирус жуктурган Кот-д'Ивуарда  бейтаптардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу  саламаттык сактоо тармагында 28 - февралга чейин өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Ковид – 19 улам каза болгондор Россияда 67 837, Иранда 57 157, Түштүк Афркиада 39 501, Индонезияда 27 203  деп белгиленди.

Последние новости