www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында «Кесиптик бирликтер жөнүндөгү» мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Төлөнов Д.Э., Масабиров Т.А., Асылбаева Г.К., Примов У.Б., Тиллаев Т.Г., Турусбеков Б.С., Гайпкулов И.Т., Рыспаев К.Ж., Бакиров М.И. тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү Чынара Урумкалиева мыйзам долбоору кесиптик бирликтер багытындагы мыйзамдарды өнүктүрүү аркылуу бирликтердин ишмердүүлүгүн жакшыртууга багытталганын билдирди.

Талкуу маалында мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Кожобек Рыспаев эмгекчилердин укугун коргой турган бирликте ички жаңжал курчуп кеткенин белгиледи.

«Өздөрүнө тиешелүү ири мекемелерди сатып жиберишкен. Көпчүлүгүн мыйзамсыз менчиктештиришкен. Ал тургай бирликтин жетекчилери өздөрүнө ири көлөмдөгү айлык акы коюп алышкан. Элден чогулган акчанын отчетун беришпейт. Андыктан аларды өз багытында мыйзам чегинде, ачык айкын иштөөсүн камсыздашыбыз керек», - деди ал.

Депутат Бурун Аманова кесиптик бирликке ай сайын канча каражат түшөрүн сурады.

Кесиптик бирликтин өкүлү ар бир тармактыкы өзүнчө чогултуларын маалымдап, так маалымат жок экенине токтолду.

Ал эми депутат Кожобек Рыспаев акчалар 29 тармак боюнча чогултуларын айтып, бир эле билим берүү тармагы боюнча бир жылда 222 млн сом акча түшкөнүн айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости