www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 5-февралда Жайыл районунда башка адамды ири суммадагы акчага алдап кетүүгө шектелип, издөөдө жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 1978-жылы туулган С.Е. аттуу аял кармалды. Жайыл районунун тургуну 2019-жылдын март айынын башында жарнамадан көзү ачыктын байланыш телефондорун көрүп, ага байланышкан. Кармалган аял арыздануучунун бардык көйгөйүн угуп, анын алсыздыгынан пайдаланып, алдап 340 миң рубль жана 100 долларын алып, из жашырып кеткен. Жабырлануучу милицияга арыз жазган. Бул окуя Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, шектүү аялга издөө жарыяланган. Ал кармалгандан кийин Жайыл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, анын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экениги боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилеп кетүүчү жагдай, кылмышка шектелеп кармалган аял буга чейин ИИМдин алдын алуу боюнча атайын каттоосунда баңгизат боюнча уюшкан кылмыштуу топторго мүчө катары турганы маалым болгон. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости