www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан эмгек акы тутумун өзгөртүү каралууда

Кыргыз өкмөтү Улукбек Мариповдун жетекчилиги астында эмгек акы тутумун өзгөртүү жолу аркылуу эмгек рыногун өнүктүрүүгө ниеттенүүдө.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин 3-февралда бекитилген "Чыныгы максаттар, жаңы багыттар" деген аталыштагы программасында жазылган.

Андагы "Экономиканы модернизациялоо" бөлүмүндө эмгек рыногун өнүктүрүүгө дем берүү үчүн эмгек акы тутуму өзгөрөрү айтылат. Бардык секторлордо эмгек акы ордуна саат боюнча эмгектенген ишти баалоо тутуму жайылтылат.

Ушул пункт боюнча программада кененирээк маалымат жазылган эмес. Өзүнчө токтом чыгышы ыктымал.

Кыргызстанда негизинен оклад, тагыраагы, бир календардык ай ичинде эмгек үчүн төлөнгөн система кеңири жайылган. Ошол эле учурда, мисалы, мугалимдерге саатына карап да акы төлөнөт.

Сааттык эмгек акы негизинен Европа өлкөлөрүндө жана АКШда колдонулат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости