www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

29-августтта Казакстандын Чымкент шаарындагы көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, төрт батир күйүп кеткен. Куткаруучулар 35 кишини башка жакка көчүрдү, арасында балдар да бар.

Жаракат алгандар жок. Ушул тапта турак жайда электр кубаты жана газ өчүрүлгөн.

Турак жайдын жашоочусу жергиликтүү басылмаларга эки бөлмөлүү батири толугу менен күйүп кеткенин, өрт чыккан маалда ал балдары менен туугандарыныкында болгонун айтты.

- Үйдөн өрт чыкканын кошуналардан уктум. Келгенде батирим толугу менен күйүп кетиптир, - деди Баглан Пердикулов.

Өрттүн себеби азырынча аныктала элек, бирок жашоочулар биринчи кабатта коомдук тамактануу жайы жайгашканын белгилешүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости