www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Федерациясынын президентине караштуу жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укуктары боюнча кеңешинин жетекчиси Валерий Фадеев мигранттардын орус тилин билбеген балдары орус мектептерине кабыл алынбашы керектигин айтты.

Анын Улуттар иши боюнча федералдык агенттиктин Орусияда мигранттар үчүн адаптациялык борборлорду түзүү сунушуна карата жазган комментарийи Адам укуктары боюнча кеңештин телеграм-каналында жарыяланды.

Орусия президенти Владимир Путин менен Улуттар иши боюнча федералдык агенттиктин башчысы Игорь Бариновдун жолугушуусу учурунда мигранттар үчүн адаптациялык борбор түзүү жөнүндө сөз болгон.

Путин: “Кишилер түшүнүшү керек: эгер алар Орусияга келишсе, алар биздин каада-салтты сыйлап, орус мыйзамдарын билиши жана сакташы керек”, - деп айткан.

Фадеев мигранттардын балдары тил билбей мектепке кабыл алынса, бүтүндөй класста билим аксайт деп эсептейт.

“Орусиялык балдар эле эмес, келгендер да жабыркайт. Эгер алар эч нерсе түшүнүшпөсө, кайсы билим берүү жараяны жөнүндө кеп кылса болот? Мындай балдарды бир жылдык даярдоо курстарына жөнөтүп, андан соң гана жалпы класска кабыл алуу керек”, - деди ал.

Ал Орусияда убактылуу иштеген мигранттар үчүн үй-бүлөсүн алып келүүгө негиз жоктугун, көптөрү бул жакка төрөө үчүн атайын келип жатканын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости