www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17 жылга эркинен ажыратылган Улан Токтосунов Чүйдүн Молдовановка айлындагы №27 абакка которулду. Токтосуновдун жакындарынын кагаз түрүндөгү кайрылуусун эске алуу менен мыйзамга ылайык, атайын комиссиянын чечими аркылуу аталган абакта күчөтүлгөн тартипте жазасын өтөөрү аныкталды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) билдирди.

Милицияда кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Улан Токтосунов Нарындагы абактан Бишкектеги №1 тергөө абагына которулуп жатканына каршы болгон жакындары 23-августта Жаза аткаруу кызматынын алдына акцияга чыгышкан. Алар тергөө абагында буга чейин адам өлүмү катталган фактылар болгонун белгилеп, “ал жактан Токтосунов тирүү чыкпайт” деп тынчсызданып жатканын айтышкан.

ЖАМК “Токтосунов мындан аркы жаза өтөөчү жерин аныктоо үчүн Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына которулууда” деп билдирген.

Мекеме мыйзамдарга ылайык Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагы соттолгондордун жаза өтөөчү жерин атайын комиссия аныктаганга чейин кармала турган жай экенин белгилеген.

2015-жылы Токтосунов кылмыштуу топтун мүчөсү Дамир Сапарбековдун өлүмүнө байланыштуу эл аралык издөөгө алынган. Кийин ал Түркиядан келгенде камакка алынып, 2016-жылы 17 жылга эркинен ажыратылган.  

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости