www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК кармаган кримтөбөл

"Женго" каймана аты менен белгилүү кылмыштуу топтун лидери делген, криминалдык чөйрөнүн анабашы Кадыр Досонов бир кылмыш иши боюнча акталып, бир кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу абактан бошотулду. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу райондук сотунун 14-июндагы чечими менен Досоновго байланыштуу бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу боюнча кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кыскарган, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдаштырууга байланышкан кылмыш иши боюнча акталган.

Өкүмгө нааразы тарап 30 күн ичинде Ош облустук сотуна апелляциялык тартипте даттанууга укуктуу.

Эске салсак, 2021-жылдын 11-февралында УКМК уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча атайын операциясынын жыйынтыгында өлкөнүн түштүк аймагын "көзөмөлдөгөн кримтөбөл" Досонов кармалганын маалымдаган.

Бул иш Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна жөнөтүлүп, анын чечими менен 23-декабрда Досоновдун бөгөт чарасы үй камагына алмаштырылган.

Бир күндөн кийин чечим кайра каралып, жасалган кылмыштардын оордугун жана кылмыш чөйрөсүндөгү ээлеген абалын эске алуу менен анын баш коргоо чарасы камакка алууга өзгөртүлгөн.

УКМК буга чейин эч жерде иштебеген, ишкердик менен алектенбеген Досоновго байланыштуу адамдарга катталган 19 автоунаа, 15 турак жай, 35 жер тилкеси аныкталганын, курулуш компанияларын ири өлчөмдө каржылоо фактыларынын бети ачылганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости