www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Футбол тарыхындагы эң мыкты бомбардир Криштиану Роналду учурдагы сезондун аягында карьерасын аякташы мүмкүн. Бул тууралуу португалиялык чабуулчу 16-августта Vogue журналына берген маегинде билдирди.
«Балким, 2026/27- жылдагы сезон футболдогу акыркы жылым болот. Мен өзүмдөн кийин таасирдүү мурас калтыргым келет», — деди спортчу.
Роналду профессионалдык спорттон кеткенден кийин үй-бүлөсүнө көбүрөөк убакыт бөлүүнү пландап жатканын белгиледи. Анын айтымында, футболдук карьерасы аяктагандан кийин пайда боло турган «чоң боштукту» толтурууга жардам бере турган келечек пландары буга чейин эле бар.
«Убактыңды бир эле нерсе менен эмес, ар кандай иштер менен толтурушуң керек. Мындан тышкары көбүрөөк көңүл ачып, саякаттап, өзүмө абдан жаккан падел ойноп, тапкан эмгегимдин үзүрүн көрүүнү уланткым келет», — деди португалиялык футболчу.
Криштиану Роналду 41 жашта. Ал карьерасында Лиссабондун «Спортинг», Англиянын «Манчестер Юнайтед», Мадриддин «Реал», Туриндин «Ювентус» жана Сауд Аравиясынын «Аль-Наср» клубдарында ойногон.
Роналду футбол тарыхындагы эң көп титулга ээ оюнчулардын бири. Ал УЕФАнын Чемпиондор лигасын беш жолу жеңип, Англия, Испания жана Италия чемпиону болгон. 2016-жылы Португалия курамасы менен Европа чемпиондугун жеңген.
Футболчунун эсебинде беш «Алтын топ» бар. 2026-жылы Роналду дүйнө чемпионаттарындагы голдорунун саны боюнча рекордчу болуп, алты турнирде гол киргизген биринчи оюнчу болду. Анын профессионалдык карьерасындагы жалпы голдорунун саны 960тан ашат.