www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КСДП (СДПК) партиясынын саясий кеңеши өлкөнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин уулдары - Сеид жана Кадырдын иш-аракеттерине нааразы. Саясий уюмдун мүчөсү Адиль Турдукулов алардын пикир келишпестигине эмне себеп болгонун журналисттерге айтты.

Анын айтымында, Сеид жана Кадыр Атамбаевдер партиянын негизин бузуп, саясий кеңеш менен макулдашпай туруп, ойлонулбаган билдирүүлөрдү жасашууда.

«Алар партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү эмес, демек, алар эч кандай фундаменталдык чечимдерди кабыл алышпайт жана билдирүү жасай алышпайт. Партиянын катарында эмне болуп жатканын маалымат каражаттарынан жана социалдык тармактардан билип жатабыз. Бул туура эмес. Бир туугандар шайлоого барабыз дешип, партиянын уставына өзгөртүүлөр киргизилгенин айтышты. Бирок биз партиялык чогулуштарда же саясий кеңештин отурумунда мындай нерсени талкуулаган эмеспиз. Кадыр менен Сеид КСДПнын атынан бир нече иш-чараларды өткөрүп, адамдар менен жолугушуп жатышат. Алардын мындай иш-аракеттери саясий кеңеш менен макулдашылган эмес.», - деди Адиль Турдукулов.

Адиль Турдукулов объяснил, почему вошел в политсовет СДПК, хотя ...

Эске салсак, мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында оор жана өзгөчө оор кылмыштарга айыпталып камакта отурат. Учурда КСДП партиясын Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова жетектейт.

Булак: NazarNews.org

Последние новости