www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги жарандык активист Улукбек Маматаевди кепке тартып, айрым саясий маселелердин тегерегинде сүйлөштүк.

--Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун дарегине ыраазычылык кат жолдошу эмнеден кабар берет?

--Премьер-министр Жогорку Кеңештин спикерине ыраазычылык кат жолдобогондо анан эмне кылыат эле. Булар бири-бирин мактабаса аларды ким мактайт. Элдин пикирин угуп жатышкандыр да. Анан ошентип көңүлдөрүн көтөрөйүн дешкендир балким. Бирок, мындай көрүнүш бир эле экөөнүн трагедиясы эмес. Бул бүтүндөй кыргыз элинин трагедиясы. Булардын ишти жөндөй албай жатканынан президенттин аброюна өтө чоң доо кетип жатат. Бир сөз менен айтканда элдин баары жакшы эмес премьер-министрди айтып жатышат. Колун куушуруп отура бербей болгон система менен деле жакшы реформаларды жасай берсе  болот эле. Ага президент тоскоол болуп жатабы же премьер-министр өзү эптей албай жатабы түшүнүксүз?

--Спикерге депутаттар тарабынан айтылган сындар орундуу эле айтылдыбы же өздөрүн көрсөтүүнүн айласын жасаштыбы?

--Депутаттар спикерге эми сын айтып шайлоого жакын өздөрүнө упай топтоону токтотушу керек. Кыргызда “эшегине жараша тушагы” деп койот. Бүгүнкү парламент өзүнүн спикерине татыктуу. Спикерди буларга көчөдөн бирөө алып келип шайлап берген жок да. Өздөрү шайлашкан. Жакшы спикер болуп атып эле бир заматта жаман спикер болуп калдыбы? Парламенттин эң чоң катачылыгы өздөрүнүн ыйгарым укуктарын толук колдоно албагандыгында. Эгер сабаттуу парламент болгондо Кыргызстанда көп жакшы өзгөрүүлөр болмок.

--Депутат Алтынбек Сулайманов айткандай парламент олигархтардын ордосуна айланып калдыбы? Эми парламентке мындан да коп олигархтар келип албайбы?

--Алтынбек Сулаймановдун айтканы туура. Парламентте акчалуулар аябай көп. Буларды көрүп, эмне себептен акчалуулардын  баары эле депутат болгусу келет деген суроо туулат. Анткени, акчалуу адамдардын баары бизнесин коргош үчүн парламентке келгенге аракет жасайт. Жүз миңдеген долларларын таркатып парламентке келген адам эч качан мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга койбойт. Бул биринчи маселе. Экинчиси биздин эл сабаттуу реформатор заманбап ойлонгон адамдарга добуш берүүгө даярбы деген да чоң маселе бар. Эгер даяр эмес болсо албетте, кайра эле капчыктуу жеке кызыкчылыгын ойлогон адамдар парламентке депутат болуп келишет. Ал эми акча алып депутат шайлаган адамдардан бир нерсе талап кылууга мүмкүн болбой калат.

Булак: NazarNews.org

Последние новости