www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КСДПнын басма сөз кызматынын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү менен куттуктады.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Сизди туулган Күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Акыркы убактарда Сиздин ысымыңызга канчалык ыпылас, ойго келбеген калп менен жалааны жаап жатышканына карабай, Сиз партиялаштарыңыз, баарыбыз үчүн, ошондой эле Сиздин өлкөгө, кыргыз элине өтөгөн ак кызматыңызды жакшы билген миңдеген кыргызстандыктар үчүн чыгаан Инсан жана саясатчы катары үлгү болуп кала бересиз. Сиздин «Намыс өмүрдөн кымбат!» деп айткан сөзүңүз биз үчүн дайыма эч кандай кыйынчылыктарга тизе бүктүрбөгөн, акыйкат менен чындыкка умтулткан жана баарыбызды чыйралткан моралдык багыт болуп калууда.

Сиз эгемен Кыргызстанды ишенимдүү өнүгүү жолуна алып чыгуу үчүн опол тоодой эмгек жасадыңыз жана аны менен өлкөнүн бүгүнкү жетишкен ийгиликтеринин жана жеңиштеринин бекем пайдубалын түптөдүңүз. Улуттук масштабдагы тагдыр чечээр ири долбоорлордун баары Сиздин тушуңузда ишке ашты жана алар бүгүн кыргыз элинин жыргалчылыгына үзүрлүү кызмат кылууда. Буга чейин башкалардын алдында бүжүрөп бүгүлүп, көзүн карап келген кыргыз мамлекети Сиздин тушуңузда башын бийик көтөрүп, улуттук духу ойгонду. Сиздин каатчылыктын сазына батып, жок болуп кеткени турган өлкөнү тикелеп, алдыга жылдыруудагы жан сабап иштеген ак эмгегиңиз, кошкон эбегейсиз салымыңыз калың эл тарабынан татыктуу бааланар күн сөзсүз келерине, мезгил, тарых баарын таразалап ордуна коёруна ишенип коюңуз.

Сиз жалгыз эмессиз, Кыргызстанда Сиздин мурасыңызды тебелеп салууга жол бербей турган адамдар бар экенин билип коюңуз. Билебиз, алдыда Сизди татаал сынактар күтүп турат. Бирок Сиз мындай сынактардын неченин көрүп, алардын баарынан татыктуу өтүп келгенсиз, ошондуктан бул жолу да моюн сунбай, акыйкатты калыбына келтирүүгө күч-кайратыңыз менен эгерим сынбаган бекем эркиңиз толук жетерине ишенебиз жана мындан түк күмөн санабайбыз. Ошондуктан ушул күнү да биз Сиз мененбиз, Алмазбек Шаршенович! 

Бул оор күндөрдү жеңип чыгууда Сизге сабырдуулук жана ден соолук каалайбыз. Өзүңүздүн «Тагдырга моюн сунбайм» деген ырыңызда айткандай, бекем болуңуз, кымбаттуу Алмазбек Шаршенович! Биз чогуу күрөшөбүз, деген куттуктоосунда КСДПнын басма сөз кызматы.

Эске сала кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн 63 жашка толду. Ал быйыл 8-августта бир нече кылмышка шектүү катары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости