www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылынан 700 киши эвакуацияланды деген маалымат чындыкка дал келбейт, жергиликтүү бийлик тарабынан жөнөкөй жарандарды эвакуациялоо иши жүргөн эмес. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. 

Кечинде жергиликтүү тургундардын басымдуу бөлүгү коопсуздук үчүн жакынкы айылдардагы туугандарыныкына өздөрү кеткен. Алар негизинен аялдар, кары-картаңдар жана балдар. Эртең менен айылдыктар өз үйлөрүнө кайра кайтып бара башташкан.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жергиликтүү мектептин имаратына түнү 128 адам, эртең менен болсо мектепте 90 жаран калган.

Жаракат алгандар боюнча, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуяда бир аскер кызматкери каза болду, 13 киши жаракат алды – алардын ичинен жетөө аскер кызматкери, алтоо жөнөкөй жаран. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, алардын жаракаттары ар кандай деңгээлде.

Баткен облусунан Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна аскердик авиациянын жардамы менен 10 бейтап алынып келинген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости