www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 17-сентябрда Кыргыз Республикасынын Тажикстандагы иштериндеги ишенимдүү өкүлү эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон чатакты талкуулаш үчүн чакырылган эле.

Эки тараптын маалыматына караганда, чатактын натыйжасында төрт чек арачы, анын ичинде Кыргызстандын бир, Тажикстандын үч чек арачысы курман болгон. Эки тарап жоопкерчиликти бири-бирине жүктөдү.

Жолугушууда тажик тарап кыргыз тараптын аракеттерине нааразылыгын билдирип, «такталбаган чек ара тилкесинде объектилерди сала баштады» деп айыптаган.

Кыргыз тарап окуя болгон жерге “250-300 аскер алып келип, алар Тажикстандын Бахор айылынын тынч тургундарына каршы курал колдонгон» деп айтылат расмий Дүйшөмбүнүн билдирүүсүндө.

Тажик тышкы саясат мекемеси кыргыз тарапка нааразылык нотасын тапшырды. Мурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да Тажикстандын Бишкектеги элчиси С.Олимзоданы чакыртып алып, ага өз дооматтарын билдирип, нааразылык нотасын тапшырган. Бул тууралуу “Азаттык” жазып чыкты.

Эске сала кетсек, 16-сентябрдын кечинде, Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде, кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу болуп, 10 дон ашуун адам жаракат алып, Мамлекеттик чек ара кызматынын «Бөрү» атайын тобунун кызматкери каза тапкан.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости