www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чекара маселесин тезинен чечүүнү талап кылып жаткандар бир нерсени так түшүнүштөрү зарыл - жер талаш жөн эле жай отуруп сүйлөшүп чечип коюучу маселе эмес.

Чечүүнүн биринчи жолу - СОГУШ. Мындай болсо талаш жерди күчтүүсү алат.

Экинчи жолу - КЕЛИШҮҮ. Мындай жолдо биз дагы, алар дагы кайсы бир талаш болуп турган жерлерден баш тартышыбыз зарыл, бул жерди биз алалы, ал эми бул жерди силер алгыла, же бул жерди тиги жерге айырбаштайлы деп.

Үчүнчү жолу - ушундай болуп талашып-тартышып, түртүшүп кете берүү, ондогон балким жүздөгөн жылдар бою. Бүгүн бирөө жазды эле - дүйнөдө 200 гө жакын эгемендүү мамлекет болсо ошонун 70 ке чукулунун өз ара чекара талашы бар деп.

Бул үч жол тең дүйнөлүк тарыхта кеңири жазылган. Тилекке каршы башка жол жок.

Кеп биздин коомчулук кайсы жолун колдойт, мына ошондо. Ошол эле "тез чечкиле!" деп талап кылып кыйкырып жаткандардын ар бири өзүнө суроо салуусу абзел - мен чечсем кайсы жолду тандайт элем? - деп. Эгерде 2-жолун колдосо, анда "сатып жибериптир, берип жибериптир" дебей Өкмөт коңшу өлкө менен кандай чечимге келсе ошого макул болууга туура келет. Чындык ушундай.

Эмилбек Каптагаев, саясатчы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости