www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Исфана шаарында аскердик милдетин өтөө маалында каза болгон Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын аскер кызматкери Равшан Муминовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду.

Чек арачыны акыркы сапарга узатууга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары,  вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Р. Муминовдун кесиптештери катышышты.

Өкмөт башчы курман болгон Равшан Муминовдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

«Биз оор жоготууга учурадык. Мекени үчүн, улуттук кызыкчылыктарды коргоо үчүн өмүрүн берген, өлкөбүздүн чыныгы мекенчил уулунан ажырадык. Баарыбыздын кабыргабыз кайышып, бүтүндөй өлкө кайгырып турат», – деди  Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал маркумдун үй-бүлөсүнө колдоо сөздөрүн айтып, мамлекет аларды тийиштүү көңүл буруусуз жана кам көрүүсүз калтырбай турганын баса көрсөттү.

Маркум Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө Жогору Кеңештин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан материалдык жардам көрсөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости