www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Максат айылынан 752 тургун көчүрүлдү деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү тургундар кабарлады.

--Кечээ кырдаал курч болуп кеткенде Максат айылынын тургундары абалдын чыңалуусуна байланыштуу, өз үйлөрүнөн убактылуу чыгып кетишкен. Алар Эски оочу айылынын мектептерине жайгаштырылды, учурда эркектер жашаган жерине кетти, аялдар калышты. Азырынча кырдаал тынчып калды. Ок атууну биринчи тажик тарап баштап, алар мектептерге чейин ок чыгарды.  - деп билдирди жергиликтүү тургун.

Эске сала кетсек, 16-сентябрда кечинде Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болуп, 13 киши жаракат алган. Алардын онго жакыны бүгүн Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна дарыланууда. Ал эми Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминов каза тапты.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости