www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам өзүн өзү биле элек. Чындыгы ошондой. Анткени адам өзүн өзү таануучу миңдеген ыкмалар бар экен. Анын бири жан дүйнөнүн символун билүү үчүн туулган айыңызды айтыңыз.

Январь - улуу

Элдин баары сизди үлгү кылып, сизге карап түздөнгөн табигый лидерсиз. Кандай гана кыйынчылык болбосун тез жана максаттуу чечүүдө сиздин эркиңиз күчтүү жана кайраттуусуз. Айланадагыларга мамиле кылууда эмоцияңызды көзөмөлдөй аласыз. Сиздин ачууңузга тийип, өч алам дегендер акыры өкүнүп калышат.

Февраль - феникс

Жашоонун девизи: "Өлтүрбөй турган нерсе мени күчтүү кылат!" Кандай кыйын кезең болсо да майтарылбай жеңесиз. Ишенимдүү жана реалдуу максатарыңызды ишке ашырууда өжөрлүк менен мээнет кыласыз, бул жол сизди оптимист кылат.

Март - инь-янь

Сиз ар бирин түшүнүүгө аракет кыласыз, ар бир учурду обьективдуү талдай аласыз, ошентсе да талаптуу талкууга албай, шашылыш чечимден абай болуңуз. Жашоого болгон кадамдарыңыз ишенимдүү жана кайрымдуу.

Апрель - арстан

Тагдырдын ар бир белеги менен сыноосун эч кандай күмөнсүз чечкиндүү кабыл аласыз. Сиздин негизги турмуштук кредоңуз - үй-бүлө жана салттуу баалуулуктар. Жакындарыңыздын бактысы үчүн бардыгына даярсыз. Үй-бүлөңүз сизсиз жашоосун элестете алышпайт.

Май - карышкыр

Канчалык тыкан, көрөгөч жана акылгөй болсоңуз да көлөкөдө болууну жактырасыз. Мындай өзгөчөлүк айланадагылардын сизге болгон сыйын арттырат.  Берилгендигиңизге көз арткандар көп. Кимдир бирөө сиздин колдооңузга муктаж болсо күн-түн дегенди билбей чуркайсыз.

Июнь - балык

Камкордукка муктаж эмессиз жана эркиндикти жактырасыз. Жашоодо сизди түйшөлткөн нерсе жоопкерчиликтүүлүк. Негизи сиздин өтө эле эсепчилдигиңиз жана эскичилдигиңиз жашооңузду "ууландырат". Сизге жараткандан алдын ала сезгичтик берилген, ошондуктан жүрөгүңүздүн үнүн уга билиңиз.

Июль - от

Сиздин ысык натураңыз биринчи кезекте өзүңүгө да таасир этет. Таарынычыңызды башкара албай калган татаалдыкка жетпеңиз. Бул адаттын айынан жумушуңуз тургай жакындарыңызда да алыстатып алуу коркунучу бар. Эмоцияга алдыруу, ачууга алдыруу - сиздин негизги душманыңыз.

Август - жылкы

Сезимталдык жана каалоо сизди жашоодо кайда кааласаңыз жеткире турган канат. Сизди саякатта жана эл менен баарлашууда, дүйнө таанууда жаңы таасирлер жана окуялар коштоп турат. Иш боюнча, жоопкерчиликти талап кылган маселелерде өзүңүзгө ишенимдүү болуңуз. Ишеним жана күч менен болбой турган нерсени жомокко айланта аласыз.

Сентябрь - гүл

Сиз адамдарга кубаныч жана рахат тартуулай аласыз. Сиздеги жылуулук, мээримдүүлүк жакындарыңыз эмес башкаларга да жетет. Сиздин жардамыңыздын аркасында алардын иши да алдыга жылат.

Октябрь - жылдыз

Сиз караңгыда жол көрсөткөн асмандагы жылдызга теңсиз. Кайдыгер карабай, жүрөгүнө жылуулук, ишеним отун жандыра алган кайрымдуулугуңуз үчүн жараткан сизге тагдыр сыйын тартуулайт. Кээде татыктуу эмес адамдарга убакыт коротуунун кажети жоктой көрүнөт. Өзүңүздү сүйүп, өзүңүздү унутпаңыз!

Ноябрь - бак

Кудум бактын көлөкөсүнө качкандай айланадагылар да сизге таянат, жардам сурайт. Бактын тамырына суу керек болгондой эле, эң биринчи кезекте ден соолугуңузга көңүл бөлүңүз.

Декабрь - суу

Сиз абдан элпек жана чыдамкай болгон үчүн бардык учур менен кырдаалга жараша өзгөрүп, өздөштүрүп кете аласыз. Сизде суунун касиети бар: бир карасаң океандай күчтүү, ошол эле бакта назик жана таза.

Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ

Последние новости