www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-президент Алмазбек Атамбаев 11-январда Индияга эс алууга барат. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын берген маалыматы боюнча Атамбаев партиялык иштерден улам кыска мөөнөткө эс алууга барып келүүнү чечкен.
- Алмазбек Шаршенович 11-январда Индияга жол тартып жатат, - деди ал. - Азыр ал мамлекеттик кызматта эмес. Анын башка өлкөгө чыгууга укугу бар. Бул жерден эч кандай саясат издөөнүн кереги жок. Ал 21-январда кайра өлкөгө кайтып келет.
Мунун алдында социалдык тармактардын колдонуучулары Алмазбек Атамбаев чет өлкөгө кеткени жатканын, бирок бийлик аны чек арадан чыгарбай коюшу мүмкүн экенин жазып чыгышкан. Жолдубаева буга негиз жок экенин айтты.
Булак: NazarNews.kg