www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз оорулуу өлкөдө жашап жатабыз

Адамдын айыкпас дарты рак болсо, мамлекеттин айыкпас дарты коррупция экенин жашырганда эмне. Анан чоң илдетке кабылган өлкөнү, тактап айтканда коррупция күч алган өлкөнү өнүктүрүү бир гана ажонун колунан келбей турган иш экенине калыс ой жүгүртүп, туура баа бергенибиз оң.

Азыр керек болсо ар бир адам коррупция илдети менен ооруп жатканына турмуш өзү күбө.

Мисалы, бекер ала турган спарвканы он беш мүнөт күткөнгө чыдабай өзүбүз 50 сом бере коюп жаздырып алып жатканыбыз, мамлекеттик кызматкерди акча алганга үндөгөнгө тете иш экенин кантип тана алабыз. Анан кантип коррупция жоюлат. Буга ким күнөөлүү, албетте өлкө эмес, өзүбүз күнөөлүбүз.

Чоңдор чоң сумманы алса, кичине кызматкерлер кичинеден алып олтуруп анан чоң сумма алганга өтүп жатканына да биз күнөөлүбүз.

Азыр керек болсо бала бакчада иштегендер дагы бир нерсе берсе деп үмүттөнүп турушат. Анан кантип коррупция жоюлат да, анан кантип өлкө бул илдеттен айыгат. Ушул жагын эске алсак кандай болот?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости