www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун жана Санкт Петербург шаарындагы Кыргыз диаспорасынын мүчөсү Өктөм Мамаева NazarNews маалымат агенттигине өлкөнү өнүктүрүүнүн багыттарын айтып берди.

"Мекендин тагдыры боюнча ар бир жаран ойлоно турган мезгил келди. Жаңы жыл башталып жаңы ааламдык жер жүзүндөгү өзгөрүүлөр эл аралык мамилелерге карап ойлонуубуз зарыл. 

Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан баштап не деген кыйынчылыктар болду. Элибиз жан багуу каражатын издеп бүт дүйнөгө таркап кетти. Эми канчасы келет, канчасы ал жакта калаары белгисиз Улуттук нарк насилибиз сакталбай калабы деген ойго келем.

Эми өткөн күндү айтпасам да баарына белгилүү да. Ушул жерде Кыргыз эл акыны Меңди Мамазаированын маалымат каражатына чыгарган бир куплет ырын мисалга алдым да ойго баттым.

Бул дүйнөнү дүңгүрөткөн эл элек ,
Кудай буйруп эгемендик келгенде 
Мамлекетэркиндике жеткенде
Каны бузук, алкы бузук адамдардын айынан.
Калабызбы куу талаада, ач белде.

Ар бир жаран терең ойлонушубуз керек. Канткенде ушул кыйынчылык, кризистен чыгып кетебиз деп. Жаңы багытты көздөй карайлычы.

Улуттук ар намыс, ариет өз күчүбүз менен жаңыдан иш аракет менен алга умтулушубуз керек. Бир убакта завод-фабрикаларда кыргыз улутундагы кадрлар сейрек кездешкен. Оштогу насос чыгаруучу заводго 1973-жылы, качан гана заводдун директору кыргыз улутундагы Исмаилов Сардарбек Исмаилович болгондон кийин экинчи кыргыз болуп ишке келгенмин. Ага чейин Бабий деген директор болгон экен. Обком партиядан заводго текшерип келип эмне үчүн заводдо кыргыз улутунан кадрлар жок деп суроо берсе, "а разве кыргызы может ли работать?", деп жооп берген экен. Ошондо обкомдун секратары чакырып 24 саатын аралыгында чыгып кеткин деп айткан деп калышчу. Ошондон кийин кыргыздан директор келип заводго кыргыз улутунан келишип иштеп калышкан.

Ошого окшогон канча завод-фабрикаларды эгемендүүлүк мезгилинде тоноп, уурдап жокко чыгарышкан биздин эле кадрлар болду да .Эстеген сайын ич күйөт. Эл тентип, талаалап чет жака жан багууга кетип, түркүн тагдырга туш болушту. Кээ бирөө акча издеп жүрүшүп ордуна ажал табышты. Бул трагедия эми канткенде жаңы багытта издеп таба алабыз. Ар мамлекеттин өнүгүү тарыхы бар. Же Курстан кантип мамлекетин жоготуп алууга туш болушкан. Ички күчтөрдүн ынтымагы жок бирин-бири көрө албастан ыйкы-тыйкы келишпестик, өз кызыкчылыгы үчүн күрөшүп жеке дареметин мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюшкан лидерлердин кесепетинен жок болуп кетишти да. Эми ошондой акыбалга келбеши үчүн коомдук системалык мамилелерди өзгөртүү эң зарыл. Партиялык система кадрларды даярдайт, тарбиялайт тартипти орноштуруп, мыйзамды адамзаттын өнүгүү кырдаалында таасир этүүчү күчтүү коомдун кыймылдаткыч күчү ал жумушчу калк болгон . Ошондуктан да К. Маркс бүткүл дүйнөнүн пролетарлары бириккиле деген девизде чыккан.

Пролетар деген өз эмгеги менен байлык тапкан калк да. Кыргызстан мамлекетин кайрадан калыбына келтирүү үчүн чыныгы эмгекчил бешене тер менен ак дилден,ак ниетинен эл үчүн элдин кызыкчылыгы үчүн иштегендер бириккиле дейт элем.

Кадрды партиялар тарбиялайт да. Коллектив иштеген жери максаты бир, ыймандуу адамды ким тарбиялайт? Бизде диний коом, мечиттеги ар түркүн иш-чараларда тарбияланат. Бирок мечит көбөйгөн менен да ыймандуулар да көбөйдүбү?

Элди жана бийликтеги катмарды диндин таасиринде тарбиялаш үчүн араб тилиндеги курандарды кыргыз тилине которуп окутуш эң зарыл .Мыйзамдуу, милдеттүү түрдө ишке ашырып, чын дилден берилип динге да таасир этүү керек.

Коомдогу өзгөрүүлөр болуш үчүн саясий партияларга чек коюп, санына эмес сапатына көңүл бөлүп, идеология, экономика, социалдык жактан караган үч гана партия болуш керек. Уставы жана түзүлүш системасы анык кайрадан эле балким, Коммунистик партияга көңүлдү көп буруу керек. Тажрыйбасы бар, кээ бир кемчиликтерине көңүл буруп, коммунисттер баштарын бириктирип Апсамат Масалиевдин ишин улантуучу кадрлардан калды бекен, бар бекен? Жоопкерчилик менен иш алып барса такшалган кадр даярдап коёт эле. 

Мамлекеттин коопсуздугун сактоо ал экономикалык жагдайга байланыштуу. Ар бир айыл өкмөттө, райондо, шаарларда канча адамы бар, канчасы ишке муктаж, канча иш орун ачууга боло турганын, канча инвесторлор бар деген пландуу чара көрүлүшү керек.  Албетте ал ишкана ачуу үчүн каражат табууну ойлоп, милдеттүү түрдө ыктыярдуу топ же бригада болуп, эгемендүүлүк алгандан бери арзан сатып алгандар, урпактары, жогорку эшелондо иштеген чиновниктер, мыйзам чыгарган депутаттардан тургандар каражат топтоп иш орун ачууга аракет жасаш керек. Ар намыс керек. План программа билимине жараша топтолуп натыйжалуу мамлекетти өнүктүрүүчү чара болуш зарыл.

Эң башкы коомдогу мамлекеттеги мамиле аралык таза болсо. Искак Раззаков айткандай сен таза болсоң, мен таза болсом коом таза болот дегендей ар бир адамдын ички дүйнөсүнүн тазалыгы. Ал деген эч кимди алдабайт, уурдабайт эмгеги, бешене тери менен каражат тапса ал таза деп эсептелинген. Коррупция ал-жанын үрөбөй, эмгексиз тапкан каражаты. Аны динде арам деп коюшкан. Мамлекетте коррупция жаман мыйзам жана жаман адам болгон үчүн бүткүл коомчулукка таасир этет. Финляндияда жоопкерчилик жогору, ар ким өз иши менен алек экен. Мен Карл Густав Маннергеймди изилдеп жүрүп көп фииндер менен жолугуштум . Финляндия 200 жыл Шведдердин карамагында жашаган. 100 жылдай Россиянын колониясы болгон.

Аларда жалган сүйлөө, алдоо, уурдоо деген болбойт экен. Бир гана эмгек жана эмгек деген девиз экен. Ишеним, ишендирүү чоң рол ойнойт экен. Жанында жабыркаган адамдын аурасы,к айгысы да жугат дейт. Жабыр тартканда жардамга келүү дилди тазалайт.

Ал эми япон элинде адамдык мамилеге гана таянган бир-биринин мээримине адилеттүү келишимди бузбастан түз пайдалануу. 1945-жылы Америка Япониянын Нагасаки жана Херосима шаарларына атом бомбасын таштаганда кандай жабыркаган эле? Ошондо намысына келип күчтүү мамлекет болуш үчүн каражат чогултушкан. Аялдары өздөрүнүн тагынган алтындарын да кошуп жиберишкен экен. Китептен окуганым эгер лотерея билеттер машина утуп алса аны чогуу пайдаланышып ортого коёт, кимге керек болсо алып кете берет экен. Эмгек коротпой табылган каражаты менчиги болуп эсептелбейт экен. Табийгаттын материалдык ресурстары аз бир гана адамдык мамилеге ишенет, ага таянат. Таза адамдар гана алдыга илгерилеп өнүгө беришет мамлекетин өнүктүрөт.

Ишканалардын бирден бир милдети салык төлөө жана мекен сүйүү болуп эсептелет. Биздин коомдогу 30 жылдын аралыгында үйрөнүп калган акчаны көргөндө эйфория рахат сезими канга сиңип калган, чабыттап асманга учкан көңүл кушунан арылуу кандай болот экен. Ошондуктан жаңы мыйзам керек. Алган айлыгына жараша байлык болуш керек. Жакында болгон Курултайда сүйлөгөн адам айтты го "өлө коррупция" деп. Аны кантип тыя алат. Эч ким көрбөйт, көрсөтпөй алат, эч ким далилдей албайт. Илгерки мыйзамды киргизиш керек. Азыркы депутаттардын кудурети жетет бекен. Ишкерлерге жол ачып,чакан жана орто бизнестерге жардам көрсөтүп салыктарын төлөп мамлекеттин кубаттуу болушуна жана өздөрү да ачык байлыгына камкордук болуш керек. Ишкана болбосо мектепти, институтту бүткөндөр дагы чет мамлекеттерге кете беришеби? Жаңы багытта өнүгүү керек", - деди Мамаева.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости